Мадумаров: «Жапаровдун менчик учак менен саммитке барып келгени өтө уят»

Бүгүн, 5-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Кара-Кулжа району менен Мырза-Аке айылында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда талапкерлер өзүн тааныштырып, партиянын программасы тууралуу сөз болуп, партиянын лидери Адахан Мадумаров жолугушууга келген тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

“Президент Садыр Жапаров 16 миллион сом коротуп, менчик учак менен саммитке катышып келиптир. Ушул пиар бизге кандай жыйынтык алып келди?” деген суроо келиптир. Мен аны билбейм. Менчик учак менен бүтүндөй өлкө башчысынын барышы – бул өтө уят маселе. Ушундай учак менен бара коём деп буга чейин Молдовада же башка мамлекеттерде канчалаган президент жана премьер-министрлер кызматтан кетти. А бизде болсо кандай? “Азамат! Жигит экен!” дешет. Анан барып, кол алышып, сүрөткө түшүп койсо, эки өлкө ортосунда кызматташуу тууралуу сүйлөшүү болду дешип, эмне туруп эле сүйлөшүп коюштубу же котормочусу болбосо? Ал ушундай нерселерди жакшы көрөт, телефон, планшет дегендерди. Чыкса эле бүттү. Мен эмне алып келерин, эмне пайда табарын билбейм. Жапаровдун өзүнөн сураш керек же досу айтып берер”, — деди Адахан Мадумаров.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180. Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 5-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).