Мадумаров: «Канча жолу жер карадык, канча жолу уят болдук?»

Бүгүн, 12-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Талас шаарында эл менен жолугушуу өткөрүштү.

«Биздин талапкерлер Жогорку Кеңешке эле эмес, эртең парламенттер аралык ассамблеяга жиберсек да, ошого жарай турган азаматтарыбыз бар. Алматы, Астана, Ташкент, Душанбеге барабы, биздин эл өкүлдөр деп сыймыктанып көрсөтсөк болот. Эгерде Кыргыз мамлекетинин атынан башка өлкөгө бара жатса, аны сөзсүз түрдө уялбай эле карашыбыз керек. Өңү-башы кандай, акылы кандай, маданияты кандай, барып-келгенче уят кылбайбы, бүтүндөй улуттун намысына доо кетпейби, сүйлөгөнү кандай болот экен деп карашыбыз керек. Маселе чечиле турган чет жакка барган учурда колуна калем кармаган, китеп окуган, беш тилди эмес, жок дегенде эки тилди билген азаматтарды жиберүүнү ойлошубуз керек. Оозуна талкан салган, Кыргызстандан ары чыкпаган, башка мамлекеттин аталышы кандай экенин билбеген жигит-кыздарды жиберип алып, канча жолу жер карадык? Канча жолу уят болдук? Башка өлкөлөрдүн башчылары не деген маселелерди көтөрүп жатат да, биздикилер барып алып, эмне деген сөздү сүйлөп келип жатышат», — деди Адахан Мадумаров.

Партия лидеринин айтымында, өз эли эмне үчүн башкаларга тең болбойт деп, кем болуп жүргөнүн көргөндө жүрөгү түтөйт.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 12-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).