Мадумаров: «Кусунду казынага эмес, ооздон оозго эле түшүп жатат»

«Кустуруп жаткандарга айтайын, оозуңарды катуу ачып койдуңар. Ошол кускандар силердин оозуңарга эле кусуп жатат. Элге эч нерсе тийбей эле». Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

«Буга чейин Баткенде айттым эле. Биз кустуруп жатабыз дешет. Кимди кустуруп жатышат? Кусканы кайсы жерге түшүп, кайсы жакка кетип жатат? Жытын да көрбөй жатабыз. А булар кандай кылууда? Кусуп жатканда бирөө оозун ачып турат экен, анысы ага кусат экен. Казынага түшпөй жатат. Кустуруп жаткандарга айтайын, оозуңарды катуу ачып койдуңар. Ошол кускандар силердин оозуңарга эле кусуп жатат. Элге эч нерсе тийбей эле. Кустуруп жатат деп кол чапканды да токтотолу. Азыр эми модага айланууда. 100 миллион сом уурдап, кокустан кармалып калса, 6 миллионун төгүп коюп, 94 миллион жүрө бер болуп жатат. Кимге «мишайты» бар?» — деди Адахан Мадумаров.

Бүгүн, 6-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Куршаб жана Жазы айылында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда талапкерлер өзүн тааныштырып, партиянын программасы тууралуу сөз болуп, партиянын лидери Адахан Мадумаров жолугушууга келген тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 6-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).