Мадумаров: «Кыргызстан элден чыгып, изоляцияда калды»

Бүгүн, 7-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргондо эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда талапкерлер өзүн тааныштырып, партиянын программасы тууралуу сөз болуп, партиянын лидери Адахан Мадумаров жолугушууга келген тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

«Булардын бийликке келгенине бир жыл өттү. Башка мамлекеттин президенти же премьер-министри Кыргызстанга келдиби? Келген жок. Эмнеге? Тааныбайт. Себеби мыйзамсыздык көп. Мен өткөн жылы биз ушундай жол менен бара турган болсок, анда Кыргызстан изоляцияда калат деп айткам. Ал кандай сөз? Жөнөкөйлөтүп түшүргөндө, бул — элден чыгып калыптыр дегенди билдирет. Бирөө мамиле кылбай койду деген сөз. Мына ошол мамиле болбой, карым-катнаш болбой калды», — деди Адахан Мадумаров.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 7-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).