Мадумаров: «Мен Баткендеги маселенин ошондой болуп чечилгенине сыймыктанам»

Бүгүн, 9-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Ала-Бука жана Кербен шаарында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда адаттагыдай эле шайлоочулар тарабынан суроолор узатылып, ага партиянын лидери Адахан Мадумаров жооп берди.

«Илим-билим берип жүрүп, пенсияга чыккандан кийин 2,5-4 миң сом алган агай-эжекелерди көрсөм, жүрөгүм сыздайт. Мугалим деген, маданият кызматкери деген, дарыгер деген — айылдагы эң байгер адамдар болушу керек. Себеби алар — интеллигенциянын өкүлдөрү, ошолор айылдын маданиятын көтөрүшөт. Эмне үчүн биздин мыкты мугалимдерибиз Казакстан менен Орусияга өтүп кетти? Ал жакта айлык көп», — деди Адахан Мадумаров.

Ошондой эле, чек ара маселеси тууралуу соболдор да берилди. «Мен ошондой болуп Баткендеги маселенин чечилгенине сыймыктанам. Мен ошону менен кубанам. Эгер ошондой маселе бүгүн да болсо, мен ошондой он протоколго кол коём. Себеби — ал жерде журттун тагдыры чечилди. Анан отуруп алып «мен сайрай албайм» дейт. Сен сайрай албайсың, ал үчүн тил керек, билим керек, бирөө жазганды окубаш керек», — деди партиянын лидери.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 9-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).