«Мадумаров туулган айылы Куршабга эч нерсе кылган эмес». Буга өзү эмне дейт?

Бүгүн, 5-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Кара-Кулжа району менен Мырза-Аке айылында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда талапкерлер өзүн тааныштырып, партиянын программасы тууралуу сөз болуп, партиянын лидери Адахан Мадумаров жолугушууга келген тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

“Адахан агай, сизди Куршаб айылы колдобойбуз, бизге эч нерсе кылган эмес, канча бийликке келсе да, жакшылык кылган жок деп жатышат. Ушуга көз карашыңыз кандай?” деген суроо келиптир. Демек, мен аябай туура иш кылган экенмин. Мен куршабдык болом деп, кээ бир азаматтарга окшоп, ушул жердин кулунумун дебейм, мен кыргыздын кулунумун дейм. Мен айылыма эмес, бүтүндөй өлкөгө кызмат кылам. Мамлекетим тынч болсо, анда айылым да тынч болот. Өлкөм ток болсо, анан менин айылым ток болот. Жалгыз бир айыл ток болуп, калганы ыйлап жатса, ошол айыл тынч жашайбы? Эч качан андай болбойт. Менин куршабдык туугандарым да, жердештерим да, капа болбосун. Өлкөдө болсо гана бизде болот”, — деди Адахан Мадумаров.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 5-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).