«Мадумаров ууруларды ээрчитип алып жүрөт». Мындай сөзгө өзү эмне деди?

Бүгүн, 7-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргондо эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда талапкерлер өзүн тааныштырып, партиянын программасы тууралуу сөз болуп, партиянын лидери Адахан Мадумаров жолугушууга келген тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

«Кечээ сүйлөтүп жаткандардын бирөөсү «Адахан Мадумаров өзү ансыз деле өтөт, партиясы деле өтөт, силер бизди колдоп койгулачы» деп жалдырап, «анан Адахан Мадумаров өтүп кетет да, анын артында уурулар да өтүп кетет» деп жатат. Саясатка кире элек жаш бала экенсиң, сени көрдүм. Бирөө жазып берсе, ошону айтпачы. Биздин курамыбызда эгерде ууру болгон болсо, анда баланча же түкүнчө ууру деп айтып чыксын», — деди Адахан Мадумаров.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 7-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).