Мадумаровдун артынан түшүп камерага тартып жүрүшөт. «Менден душман издешет» дейт ал

Бүгүн, 11-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Токтогул шаарында эл менен жолугушуу өткөрүштү.

«Элди эл кылган эл болот, эрди да эл көтөрүп алат. Көтөрүп ала тургандарды көтөрбөйлүбү? Мен былтыркы жылы сүйлөп жатканда «карганы шумкар, качырды тулпар кылганды токтотолу» деген сөздү капыстан айтып алган элем. Ушул сөздү Кудай тилиме сала бергени үчүн ыраазы болдум. Биздин айылдын кулуну дегенди токтотуп, улуттун жоргосун издейличи», — деди партиянын лидери Адахан Мадумаров.

Андан ары ал жолугушууга катышып жаткан камера көтөргөн адамга кайрылды. «Мына бул жерде бир жигит видеого тартып жатат. Былтыркы жылы да Токтогулда ушундай кылып тартып жатканын көрсөткөм. Камерага тартып жаткандар да жылдыз алабыз деп тартып жатышат да, аман болушсун. Бирок болгонун болгондой тартпайт, отуруп алып кыркат. Булар тартканын токтотподу, менден душман издейт», — деди Адахан Мадумаров.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 11-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).