Мадумаровдун сөзүн түшүнбөсө да, ыйлаган саясатчы ким?

Бүгүн, 8-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Кочкор-Ата шаарында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Шайлоочулар талапкерлерди стадиондо жылуу тосуп алып, партиянын лидери Адахан Мадумаров жолугушууга келген тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

«Баткенге казино тууралуу көз карашыңыз кандай?» деген суроо келиптир. Казинону Баткенге эле эмес, бүтүндөй жер жүзүндөгү казиного каршымын. Ал жакшылыкка алып келбейт. Казинодон табылгандын баары арам. Биздин кыргызда казинонун жыты да болбошу керек. Биз ошол үчүн күрөшөбүз. Казинодо ойноп, Бишкекте канчалаган балдар жанын кыйганын, үйүн алдырганын, ажырашканын билебиз. Биз муну токтотобуз», — деди Адахан Мадумаров.

Партия лидеринин айтымында, быйылкы жылы элдин маанайы такыр башкача. «Өкмөттү дайындабаган соң, Жогорку Кеңешке баруунун кызыгы деле жок деп жатышыптыр. Анын эки себеби бар. Анын бири — бул өткөн жылы акчасын чачып алып, быйыл да күйүп отургандар бар. Экинчиси бул — элдин маанайы, көзү таптакыр башкача. Албайбыз, алдырбайбыз, жебейбиз, жедирбейбиз деген сыяктуу болуп турат. Бул биздин партияга дал келет», — деди Адахан Мадумаров.

«Эгерде сиз аз мандат менен босогодон өтүп калсаңыз, мыйзамдарды добуштан кантип өткөрөсүз? Башкалар колдобой койсо, мыйзамдарыңыз колдоого ээ болбой калса, анда эл кайра эле эч нерсе кылган жок деп айтат. Ал жагы кандай болот?» деген суроо окулду. Ага партиянын башчысы төмөндөгүдөй жооп берди: «Биз мыйзам чыгаруу жыйынында 7 эле депутат бар болчубуз. Анын ичинде сиздер дайыма колдоп шайлап берген Дооронбек Садырбаев да бар эле. Биз 7 депутат калган депутаттардын баарынын намысын ойготот болчубуз. Ушул 7 депутат президент болуп турган Аскар Акаевди уктатпайт эле. Ал киши «эмне кылсаңар ошону кылгыла, бирок ушулардын тилин тапкыла» деген маселени койчу. Кеп аз же көптө эмес, кеп сапатта. Өткөндө бирөө «Мыйзамга добуш берүү алдында Мадумаров сүйлөбөсө экен деп турушчу» деп айтты. Зайнидин Курманов маек бериптир, анда «Мадумаров дайыма кыргызча сүйлөчү, мен анын эмне деп сүйлөп жатканын түшүнчү эмесмин, бирок мен ыйлачумун» деп айтыптыр. Биз Кудай буюрса, аз мандат эмес, биринчи орун алабыз деп бара жатабыз».

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 8-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).