Мирлан Жеенчороев, №1: «Парламентте адилеттик, чындык үчүн күрөшүүгө даярбыз»

«Парламент трибунасында адилеттик, чындык үчүн күрөшүүгө даярбыз». Мындай пикирин «Альянс» партиясынын тең төрагасы Мирлан Жеенчороев Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди. Кичи мекенинде талапкерди шайлоочулар жылуу тосуп алышты. Туура тандоо жасоо Жогорку Кеңешке татыктуу адамдардын келүүсүнө шарт түзө турганын айткан Жеенчороев шайлоочуларды куру убадага алданбоого чакырды.

«Эгер шайлоочу тайманбас, кошомат кылбаган талапкерди тандаса, өлкө багыты кескин өзгөрөт. Өнүгүүгө багыт алат. Учурда мамлекет сыноо апогейинде турат. Туура эмес тандоо өлкө кадыр-баркын мындан дагы төмөндөтүп, абалын мындан дагы начарлатат», – деди Жеенчороев.

Айтымында, «Альянс» саясий партиясы шайлоо алдында гана түзүлүп калган жок. Реалдуу мыйзамдуулукту, парламенттик демократияны жактаган, билимдүү, бардык тармакта тажрыйбасы мол адамдар соңку бир жыл аралыгында мамлекеттин келечеги үчүн биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.

«Биз Жогорку Кеңешке бийликти туура жолго багыттоо үчүн бара жатабыз. Конструктивдүү оппозиция болобуз. Дегеним, акты ак, караны кара дейбиз.

Ачык, тайманбас көз карашыбызды билдиргенден тышкары, билимге, кесипкөйлүккө негизделген, өлкөнү экономикалык каатчылыктан чыгарууга багытталган реалдуу сунуштарды беребиз», – деди Жеенчороев.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!

Мирлан Жеенчороев – 1

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы: 1. Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 17-ноябры. «Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-жыл. БАШК).