Мирлан Жеенчороев: “Альянс” ийгилик тарыхы бар лидерлерден куралган күчтүү партия”

“Альянс” ийгилик тарыхы бар лидерлерден куралган күчтүү партия”. Мындай пикирин Бишкекте өткөн иш-чарада партиянын тең төрагасы Мирлан Жеенчороев билдирди.

Өлкө мындан ары өнүгүүгө багыт алуусу керек деген Жеенчороев, чогулгандарды добуштарын сатпай туура тандоо жасоого чакырды. Шайлоого саналуу гана күндөр калганын айткан тең төрага, түнү жашырынып эшик кагып келгендерге алданбоого үндөдү.

“Добуш сатып алып жаткандар элдин, мамлекеттин жаркын келечегин саткандар. Алар кечээги жемкорлор, өлкөнү тонгондор. Уурулар ошентип жашырынып кечинде иштейт”, — деди ал.

Мирлан Жеенчороев партиянын жаралуу тарыхына токтолду. Айтымында, “Альянс” шайлоого баруу үчүн гана түзүлгөн партия эмес. Ал эл келечегин ойлогон билимдүү, тайманбас, принципиалдуу адамдардын бирикмеси.

“Биз эл кызыкчылыгын коргоо үчүн Парламентке бара жатабыз. Бүгүн “Альянс” күчтүү партияга айланды. Ал сиздердин колдооңуздардын, ишениңиздердин жыйынтыгы”, — деди Жеенчороев.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!
Мирлан Жеенчороев — 1

Аткаруучу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.

Буюртмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы 1. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл.