«Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын кармалышы боюнча Адахан Мадумаров позициясын билдирди

Бүгүн, 12-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Талас шаарында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда бардык аймактарда адатка айланып калгандай эле партиянын лидери шайлоочулар тарабынан берилген суроого жооп берди.

«Кыргыз жараны болгон «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды Түркия тарабынан атайын колго түшүрүлгөн. Кыргызстан өз жаранын коргоодо ушунчалык алсызбы?» деген суроо келиптир. Алсыз экенин көрдүк го. Бизди бастырып кирип, чаң-тополоң салып, үйлөрдү талкалап, азаматтарды атып кеткен жерге барып, кайра кечирим сурап келишти. Инандынын жактоочусунун айтымында, Кыргыз жаранын бөтөн мамлекеттин күч органдарынын кызматкерлери кармап кеткен, ал эми кыргыз күч органдарынын кызматкерлери көмөк көрсөткөн. Бул жапайылык. Адам уурдоо деген — бул өтө оор берене. Эртеби-кечпи азаматтар бул үчүн жооп берет», — деди Адахан Мадумаров.

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 12-ноябрында даярдалды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Полотов М.Ш. тарабынан төлөндү (Күб. № 54).