Таабалды Тиллаев: “Чек арада эркин экономикалык аймактарды түзүү программабызда так жана даана жазылган”

“Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Таабалды Тиллаев бүгүн, 9-ноябрда Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын тургундары менен жолукту. Шаардыктар айрым социалдык көйгөйлөрдү айтып, талапкерден парламентке шайланып келе турган болсо, ал маселелерди чечип берүүнү өтүнүштү.

“Чек арага жакын жайгашкан Баткен облусунда социалдык маселелер курч бойдон калууда. Чек ара, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетишсиздиги, аймакка өзгөчө макам берүү жана башка көйгөйлөрдү “Альянс” партиясынын курамы чечип берүү үчүн шайлоого аттандык. Алгач аймактардагы курч маселелерди жолуна коюп, элдин жашоо турмушун оңдоо – заман талабы”, — деди Тиллаев.

Ал партиянын программасында чек арада эркин экономикалык аймактарды түзүү маселеси так жана даана жазылганын баса белгиледи. 

АЛЬЯНС – 3 БИР КҮЧ!

Таабалды Тиллаев – 14

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, № 180. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 9-ноябрында даярдалды.

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 9-ноябрь, 2021-жыл.