Юлия Джаналиева: “Сапаттуу билим – заман талабы”

“Альянс” саясий партиясынын талапкери Юлия Джаналиева сапаттуу билим заман талабы экенин шайлоочулар менен болгон жолугушууда билдирди. Ал агартуу тармагы реформалоого муктаж экенин айтып, системаны толугу менен алмаштыруу керектигин баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө өлкө аймагында мектептер жана квалификациялуу мугалимдер жетишсиз. Айрым класстарда 50дөн бала окуйт. Азыр эч ким мугалим болгусу келбейт, анткени 10 миң сомдун тегерегиндеги жарыбаган айлык алышат. Китептер дагы жетишпейт, ал эми Кыргыз билим берүү академиясы чыгарган окуу китептеринде каталар көп”, – деди талапкер.

Юлия Джаналиева окуу-тарбиялык комплексинин негиздөөчүсү катары 7 жыл бою көптөгөн балдар үйлөрү менен карылар үйлөрүн колдоп келген. Бул арада аялуу катмардан 50дөн ашык жаран жеңилдетилген түрдө сапаттуу билим алууга жетишкен.

Талапкер шайлоочуларды сапаттуу билим берүүнү жайылтууга үндөп, ал үчүн татыктуу, билимдүү жана тажрыйбалуу альянсчыларга добуш берүүгө чакырды.

Альянс №3 – БИР КҮЧ!

Юлия Джаналиева – №12

Аткаруучу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.

Буюртмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы 1. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 26-ноябрь, 2021-жыл.