«Акыл Айтбаев элим-жерим деп абакта отурат» дейт жубайы

“Кемпир-Абад иши” деп атыккан окуянын алкагында камакка алынгандардын бири Акыл Айтбаев шайлоого аттанды. Ал 28-майда өтө турган Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Өзү абакта болгону үчүн ал тууралуу жубайы Бактыгүл Айтбаева айтып берди.

«Шайлоого баруу чечимин жолдошум абактан кабыл алды. Себеби мыйзамсыздыктын курмандыгы болуп, саясий куугунтук болуп, жети айдан бери абакта отурат. Кемпир-Абад окуясы боюнча ошол жерде туулуп-өскөнү үчүн биринчилерден болуп элим-жерим деп чыкты. Бул маселе ЖМКларда чыга баштаганда, ал тууралуу биринчи укканда эле жолдошум «бул Кыргызстандын жери, менин туулган жерим, аны сактап калуу керек» деди. Алгачкылардын катарында Куршабга жөнөп кетти. Жолдошум Кемпир-Абад суу сактагычынын суусу басып калган Агроном деген айылда туулган. 1970-жылдары ошол айылдын тургундарын көчүрүп чыгышып, Куршабга отурукташып калышкан», — дейт жубайы.

Аткаруучу: «Супер ТВ» ЖЧКсы. Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: Ленин райондук шайлоо округу №26 боюнча талапкер Айтбаев Акыл Казаковичтин каржы өкүлү Айсулуу Карабаева тарабынан каржыланды. КР БШКнын чечиминин номери: №52.
Нускасы: 1 макала. Чыгарылган датасы: 18.05.2023