Акыл Айтбаевдин жубайы: «Элим-жерим деген уулуңуздарды колдоп алат деп ишенем»

Бүрсүгүнү, 28-майда Ленин райондук шайлоо округу боюнча шайлоо өтөт. Талапкерлердин катарында “Кемпир-Абад иши” деп атыккан окуянын алкагында камакка алынган Акыл Айтбаев бар. Анын жубайы Бактыгүл Айтбаева программасы тууралуу айтып берди.

«Урматтуу кыргыз элим! Темир тор артында отурса да, жолдошум шайлоого аттанып жатат. Элим-жерим деген мекенчил уулуңуздарды колдоп алат деп ишенем», — деди ал.

Аткаруучу: «Супер ТВ» ЖЧКсы. Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, 180. Буйрутмачы: Ленин райондук шайлоо округу №26 боюнча талапкер Айтбаев Акыл Казаковичтин каржы өкүлү Айсулуу Карабаева тарабынан каржыланды. КР БШКнын чечиминин номери: №52. Нускасы: 1 макала. Чыгарылган датасы: 26.05.2023