Акыл Айтбаевдин кызы: «Мыйзамдуулукту орнотуу. Бул программанын өзөгү»

Бүрсүгүнү, 28-майда Ленин райондук шайлоо округу боюнча шайлоо өтөт. Талапкерлердин катарында “Кемпир-Абад иши” деп атыккан окуянын алкагында камакка алынган Акыл Айтбаев бар. Анын кызы Айсулуу Карабаева программасы тууралуу айтып берди.

«Программасынын негизги пункту — бул мыйзамдуулукту орнотуу, сөз эркиндигин камсыз кылуу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу. Ошондой эле Жогорку Кеңешке өтүп калса, өлкөнүн керегине тийген мыйзамдарды кабыл алуу жана аткаруу. Бишкектин Ленин районунун, жалпы эле борбор калаанын жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу максаттарын көздөп, шайлоого бара жатат», — деди ал.

Аткаруучу: «Супер ТВ» ЖЧКсы. Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, 180. Буйрутмачы: Ленин райондук шайлоо округу №26 боюнча талапкер Айтбаев Акыл Казаковичтин каржы өкүлү Айсулуу Карабаева тарабынан каржыланды. КР БШКнын чечиминин номери: №52. Нускасы: 1 макала. Чыгарылган датасы: 26.05.2023