Мадумаров: «Акыл Айтбаев бийликти басып алуу эмес, үй-бүлөсүнө үн көтөрбөгөн жигит»

“Кемпир-Абад иши” деп атыккан окуянын алкагында камакка алынгандардын бири Акыл Айтбаев шайлоого аттанды. Ал 28-майда өтө турган Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Өзү абакта болгону үчүн ал тууралуу депутат Адахан Мадумаров айтып берди.

«Акыл Айтбаев менен бала кезден таанышмын. Биз бир мектепте окуганбыз. Ал тарбиясы, алган билими, келечекке умтулуусу, тазалыгы жагынан үлгү болорлук керемет жигит. Азыр эми айыпсыздар айыптуу болуп, Кемпир-Абад маселеси деген шылтоо менен абакта кармалып отурат. Бул жигитти бийликти басып алуу дешет, бийликти басып алуу эмес, керек болсо, кыздарына, неберелерине, келинчегине да үнүн көтөрбөгөн жигит», — деди Мадумаров.

Депутаттын айтымында, Акыл Айтбаевге окшогон азаматтардан Жогорку Кеңеш куралган болсо, анда азыркы кетип жаткан алешемдиктер азыраак болмок.

Аткаруучу: «Супер ТВ» ЖЧКсы. Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, 180.
Буйрутмачы: Ленин райондук шайлоо округу №26 боюнча талапкер Айтбаев Акыл Казаковичтин каржы өкүлү Айсулуу Карабаева тарабынан каржыланды. КР БШКнын чечиминин номери: №52.
Нускасы: 1 макала. Чыгарылган датасы: 16.05.2023