Мадумаров: «Кемпир-Абад маселеси көтөрүлгөндөн баштап Акыл Айтбаев баарын унутту»

“Кемпир-Абад иши” деп атыккан окуянын алкагында камакка алынган Акыл Айтбаев шайлоого аттанды. Ал 28-майда өтө турган Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду.

«Кемпир-Абад маселеси көтөрүлгөндөн баштап бардык нерсени унутту. Үй-бүлө, бизнес, жеке тиричилик дейсиздерби, мына ошолордун баарын таштап, ошол жерге барды. Кайдыгер болбой, ошол жерге барып, элдин көйгөйүн угуп, биринчи катарда турду», — деди депутат Адахан Мадумаров.

Эл өкүлүнүн айтымында, Акыл Айтбаев кызылдай куру доомат менен абакта отурат. «Бийликти басып алам дегенин айтышууда. Ал эшигин ачып койсо да, Ак Үйгө кирбей турган жигит», — деди ал.

Аткаруучу: «Супер ТВ» ЖЧКсы. Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, 180. Буйрутмачы: Ленин райондук шайлоо округу №26 боюнча талапкер Айтбаев Акыл Казаковичтин каржы өкүлү Айсулуу Карабаева тарабынан каржыланды. КР БШКнын чечиминин номери: №52. Нускасы: 1 макала. Чыгарылган датасы: 23.05.2023