Талапкер Акыл Айтбаев СИЗОдон шайлоочуга кайрылуу жасады

“Кемпир-Абад иши” деп атыккан окуянын алкагында камакка алынган Акыл Айтбаев шайлоого аттанды. Ал 28-майда өтө турган Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Ал СИЗОдон шайлоочуга кайрылуу жасады.

«Ыйман, Мыйзам, Тазалык!

СИЗОдон шайлоочуга кайрылуу.

Урматтуу шайлоочу! Мен талапкер болуп катталган күндөн баштап, Ички иштер министрлигине, БШКга, Жазаларды аткаруу кызматына жана СИЗОнун жетекчилигине «бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү максатында үгүт иштери аяктаганга чейин мени үй-камагына чыгарып туруңуздар, УТРКдан мага бөлүнгөн эфир убактысында жеке кайрылуумду жасоого жана теледебаттарга катышууга уруксат бериңиздер» деп бир нече жолу кайрылдым.

Тилекке каршы эч кандай уруксат берилген жок!

Эл ырчысы Элмирбек

«Түбөлүк эч ким  башчы эмес,
Түшүнбөй коюу аны жакшы эмес.
Акыйкат айтсаң чоңдорго,
Ар дайым эле жакчу эмес» дегендей эле болуп жатат.

Эч качан талаш болбогон Кыргыз жерин башка өлкөгө өткөрүп берүүгө каршы өз пикиримди ачык айткандыгым учүн жалган жалаа менен камалганыма 215 күн болду!

Бул күндөр да өтөт. Ак ийилет, бирок сынбайт!

Бардык адамдар, өзгөчө абактагылар үмүт менен жашайт. Ушундай адилетсиздикке карабастан «Ыйман, Мыйзам, Тазалык!» урааны менен шайлоого катышуудамын. Кыздарым, туугандарым, досторум, партиялаштарым, кошуналарым, колдоочуларым жардам беришип, үгүт иштерин жүргүзүүдө.

Ураан жөнүндө кыскача айтсам:
ЫЙМАН – Жаратканга болгон ишеним, сөз менен да, кыймыл-аракет менен да, бир гана жакшылык кылуу.
МЫЙЗАМ — адилеттүүлүктү орноштуруп өнүгүүнү камсыз кылуу керек.
ТАЗАЛЫК – аруулук, маданияттуулук, жан дуйнөнүн, ой-тилектин, айтылган сөздөрдүн, аткарылган иштердин тазалыгы, асылдыгы, актыгы, адалдыгы.

Элибизге, өлкөбүзгө пайдасын бере турган жаңы мыйзамдарды жазууга жана аларды ишке ашырууга, сөз эркиндигин коргоого жана колдоого, адилеттүүлүк үчүн тайманбастан күрөшүүгө илим-билимим, тажрыйбам, эң негизгиси  эрким жетет. Ак ийилет, бирок сынбайт!

Урматтуу шайлоочулар, Ыйман, Мыйзам, Тазалык үчүн добуш бериңиздер!

Үмүттөр акталсын, Жараткан жалгасын!

Айтбаев А.К. № 2

СИЗО №1. 24 май, 2023 жыл».

Аткаруучу: «Супер ТВ» ЖЧКсы. Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, 180. Буйрутмачы: Ленин райондук шайлоо округу №26 боюнча талапкер Айтбаев Акыл Казаковичтин каржы өкүлү Айсулуу Карабаева тарабынан каржыланды. КР БШКнын чечиминин номери: №52. Нускасы: 1 макала. Чыгарылган датасы: 23.05.2023