+1 ырчы. Актёр, вайнер Эмил Токтошев ырчылыктан өзүн сынамакчы

Буга чейин актёр катары жакшы таанылган, вайнер Эмил Токтошев ырчылык жаатында өзүн сынап көрүүнү чечти. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ал төмөнкүлөрдү билдирди.

«Жеңиш Айтиевдин «Беш бармак» деген тамашалуу ырын Курал Чокоев экөөбүз ырдап, жаздырдык. Бул өзү тойго ылайыктуу ыр эмеспи. Мен тойлорго көп тамадалык кылам, ошондо көңүл көтөргөн чыгарма болсун деп жаздырдык. Негизи илгери ырчы болсом деген кыялым бар эле. Азыр ырчылар аябай көбөйүп кетпедиби, ошого санын көбөйтпөй эле коёюн дегем. Жакында «Беш бармак» ырына клип тартабыз. Эгер клип элге жакшы алынса, балким, ырчылыкты да кошумча өнөр катары улап кетем», — дейт вайнер.