«2 айга жакын балдак менен басышы керек». Ырчы Анжеликанын абалы кандай?

Ырчы Анжелика жана анын улуу кызы Айыманын абалы туруктуу. Ырчынын омурткасына операция жасалгандыктан эки ай айга жакын балдак менен басышы керек болот. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Анжеликанын абалы туруктуу. Анын омурткасына операция жасалгандыктан 2 айга жакын балдак менен басышы керек болот. Кэчээ, улуу кызы Айымага Сабырбек Жумабеков өзү арка-мойнуна операция жасады. Анын да абалы туруктуу”,- дешти алар.

Ал эми ырчы айым бүгүн социалдык тармактагы баракчасына кыздары Элима менен Айлин ооруканадан чыкканын. Ал эми өзү улуу кызы менен чогу 1 жумадан кийин үйүнө кайтарын жазды.

“Буюрса Элима менен Айлин үйгө чыкты. Айыма экөөбүз ооруканада калдык. Бизге келип жаткан ар бир инсанга рахмат. Ушундай күндөрдө адамдардагы адамгерчиликти жана сага болгон чыныгы мамилесин көрөт экенсиң”,— деп жазган ырчы айым.

Анжелика кыздары менен 23-январда Балыкчы-Ананьево жолунда жол кырсыгына кабылган. Анда ырчынын омурткасы жабыркап, ал эми кичүү кызы жамбашынан травма алган болчу.