Актёр Анвар Осмоналиев менен жубайы кыздуу болду

Актёр Анвар Осмоналиев менен жубайы Эл-Ай кыздуу болду. Актёрдун айтымында, жубайы 14-февраль күнү саат 17:55те көз жарган.

“Келинчегим экөөбүз кыздуу болуп, кубанычыбыз коюнубузга батпай турат. Чынын айтайын, аалам башкача болуп калгандай эле өзгөчө сезимдер коштоп жатат. Мен үйдүн улуу баласы, ал эми Эл-Ай өз үйүнүн жалгыз кызы болгондуктан ата-энелерибиз бизден ашып толкунданып жүрүшөт. Келинчегим көз жарганча сарсанаа болуп, көп ойлонуп жаткам. Азыр анын баары артта калып, жеңилдей түштүм. Кудайга шүгүр, азыр эне-баланын абалы жакшы. Эң негизгиси өмүрлүү болсо экен. Учурдан пайдаланып, куттуктап жаткан жакындарыбызга, досторубузга ыраазычылык билдирем”, — деди ал.

SUPERTV Анвар Осмоналиевди ата болушу менен, ал эми Кыргыз Эл артисти Эгемберди Чалабаевди таята болушу менен чын жүрөктөн куттуктайт!