Алмаз Шаадаев Айжан Газиевадан вокал боюнча сабак алууда

Ырчы Алмаз Шаадаев жыл жаңырары менен чыгармачылыкка жең түрө киришти. Бойдок ырчылардын башында турган ал дагы деле сүйүктүүсүн таба элек өңдөнөт. Дегенибиз, жакында “Сүйүүсү белең башканын” деген аталыштагы чыгарманы жарыкка чыгаруу алдына турат.

Ошондой эле, ырчы жана педагог Айжан Газиевадан вокал боюнча сабак алууда. Бул боюнча ал “Өзүбүздүн кесипти өнүктүрүүнүн үстүндөбүз” дейт.

Анда эмесе, ийгилик каалайлы!