Алтынай Нарбаева: “Неберемдин кылыктарына тойбой, жанынан чыкпай отурам”

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева учурда небересинин кылыктарына тойбой турган кези. Дегенибиз, Орусияда жүргөн келини Кыргыз өлкөсүнө келип, ырчы жаңы төрөлгөн небереси менен алгачкы ирет көрүштү. Бул тууралуу Алтынай Нарбаева SUPERTV`га айтып, кубанычы менен тең бөлүштү.

“Келиним Орусиянын жараны болгондуктан, кош бойлуу кезинде аталган өлкөгө кеткен. Ноябрь айында көз жарып, карантиндик чектөөлөрдөн улам Кыргызстанга келе албай жүргөн. Кудай буюруп, кечээ күнү Орусиядан Ошко учуптур. Оштон жакындарыбыз тосуп алып, Бишкекке салып жиберишкен эле. Бул жактан өзүм тосуп алдым. Неберем уулумдун эле көчүрмөсү экен. Азыр кылыктарына тойбой, жанынан чыкпай отурам”, — дейт ал.