Америкалык ырчы Рианна уулдуу болду

Америкалык ырчы Рианна уулдуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Рианна 13-майда Лос-Анжелесте менчик клиникада көз жарган. Ырчы үйүнө чыккандан кийин гана бул кабар коомчулукка тарады.

Рианна менен уулунун атасы, рэп ырчысы A$AP Rocky экөөнүн мамилеси 2021-жылы ачыкталган.