Анжелика: “Турмуштагы экинчи тандоом туура болот деген үмүттөмүн”

Жакында турмушка чыгарын жарыялаган ырчы Анжелика бүгүн кечинде үй-бүлөлүк тамактануу орун аларын жана атасынан сүрдөп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бүгүн эң маанилүү күн, үй-бүлөбүз менен кечки тамактанууга барабыз. Бир жумадан бери эле атамдан сүрдөп жүрөм. Кантсе да мен алардын кичинекей кызымын. Күйөөгө такыр тийбейм, баары жакшы десем, бойдокторго тийишүүлөр, жаман сөздөр жармаша берет экен. Турмуштагы экинчи тандоом туура болот деген үмүттөмүн. Кыйынчылык башка түшкөндө эле, Кудай бир нече жолу бизди кокустан табыштырып, бири-бирибизге кам көрүүгө жол түзүп берди. Демек, бул тагдыр”, — деп жазган ырчы.