Анжелика: “Жашоо керемет” ырынын авторунун кызы 2 миллион сом талап кылып жатат”

Ырчы Анжелика “Жашоо керемет” ырынын авторунун кызы 2 миллион сом талап кылып жатканын айтты. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Эми “Жашоо керемет” деген ырды ырдабайм. Марат Алыбаев белек кылган ырдын акысына анын кызы 20 миң доллар сурап жатат. Бардык авторлор аранжировкасы жок ырды 10-20 миңге берет. Бул кыз 2 миллион сом талап кылып жатат. Марат Алыбаевдин арбагы ыраазы болсун, ал эми кызынын мындай аракетине сөз жок”, — деп жазган ал.

Ошондой эле учурда ден соолугу начарлап, кан басымы көтөрүлүп жатканын кошумчалаган.

“Жашоом кылдын учунда турат, дарыланып жатам. Автордун кызына 10 миң сом сунуштасам, макул болгон жок. Ал эми дарыгерлер адам өмүрүн сактап, 10 миң сом айлык алышат жана бул аз суммадагы акча эмес”, —  деп жазган ырчы.