Ырчы Анжеликанын улуу кызы Айымага да операция жасалат

Ырчы Анжеликанын улуу кызы Айымага да операция жасалат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Туугандар ыйлап келип, ыйлаган бойдон кетип жатышат. Кантип соороторумду билбейм. Алдыда улуу кызым Айымага да операция жасалыш керек. Элим, дуба кылып коюңуздар», — деп жазган ал.

Анжелика кыздары менен 23-январда Балыкчы-Ананьево жолунда жол кырсыгына кабылган. Анда ырчынын омурткасы жабыркап, ал эми кичүү кызы жамбашынан травма алган. Аларга Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалган. Ырчы учурда үч кызы үч башка ооруканада экенин билдирген.