Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы. Айдоочу камактан бошотулган

Тараптардын жарашуусунан улам ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгындагы айдоочу камактан бошотулган. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан 25-августта чыккан. Бул тууралуу аталган сот маалымат таратты.

«Биринчи Май райондук сотунун 25-августундагы токтомуна ылайык, Жазык кодексинин 297-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталган айдоочунун жазык иши тараптардын жарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Айыпталуучуга карата колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, камактан токтоосуз бошотулган», — деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, катуу жаракат алган. Ырчы бир айдан ашуун убакыт ооруканада жаткан соң гана үйүнө чыккан.