Аваз Акимов менен Айдана Дека кызына тушоо той берүүгө камынууда

Чыгармачыл үй-бүлө, ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека кызына тушоо той берүүгө камынууда. 16-январда бир жашка чыга турган ырчылардын кызы Ариананын тою борбордогу тойканалардын биринде орун алат.

Ал эми кечээ, 7-январда Аваз Акимов менен Айдана Дека кызына арнап, “Наристем, балапаным” аталышындагы чыгарманы жарыкка чыгарышты. Аталган ырдын сөзү, обону ырчы жана обончу Зарлык Камбаралиевге таандык.