«Аваз менен Айдана «Кош жылдызды» аткарганда абдан толкундандым» дейт Динара Акулова

SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова болду. Ал түз эфир учурунда алып баруучунун суроолоруна жооп берип жатып, ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека жаңылап аткарып чыккан “Кош жылдыз” дуэтине токтолду.

“Менин көп чыгармаларымды жаш ырчылар аткарып жүрүшөт. Жеке концертимдин алдында жаштарды чакырып, бүт ырларымды бөлүп бергем. Ар ким өзүнө жаккан ырды тандап алган. Алардын аткаруусуна эл баа берет. Кечээ жакында эле, Гүлжайна Атаканованын үй тоюна барганбыз. Ал жактан Аваз Акимов менен Айдана Дека “Кош жылдыз” дуэтин аткарганын көрүп, абдан толкундандым. Бул абдан мыкты чыгарма, убагында канчалаган адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ошол чыгарманы бузбай, дал өзүндөй кылып аткарышканына аябай кубандым” деди ырчы.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.