«Булар өнүгүүнү каалабайт экен». Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директору кызматынан баш тартарын айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорлук кызматынан баш тарта тургандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кызматыма кайрадан киришип музыкалык окуу жайды аз убакытта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду. Аларды адилеттүү башчы, ак кызмат өтөгөн ишмер болууга убада берип, ынандырууга аракет кылдым. Мурунку директордун 100 түрлүү сүйлөгөнү, кубулганы, 5-6 адамдын басымы менен эмгек жамаатта «аба ырайы» өзгөрүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Сыртта 21-кылым экени ойлонтуп дагы койбойт. Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санаалаштар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартам”, — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, бирок үч күндөн кийин ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен кызматтан алынган. Буга байланыштуу ырчы аталган министрликти «менин кызматка дайындалгандыгым тууралуу буйрукту мыйзамсыз жокко чыгарган» деген негизде сотко берип, жеңип алганын айткан. Соттун чечиминин көчүрмөсүндө көрсөтүлгөндөй, сотко Самара Каримова эмес, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү кайрылган. Министрликтин өкүлү судьядан ырчыны кызматтан бошотуу тууралуу буйрукту мыйзамсыз деп таанууну жана кызматка кайра келүүсүн канааттандырууну сураган. Бул боюнча Маданият министри Нуржигит Кадырбеков Биз юристтер менен мыйзамсыз фактыларды таап чыктык. Каримова министрликтин үстүнөн 2 жыл убакыт өткөндөн кийин арыз жазган. Ушул жагдайлардан улам, Маданият министрлиги Самара Каримованын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимине апелляция берди», — деген.

Айта кетсек, 2 күндөн бери Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жанында ырчы Самара Каримованын директорлук кызматына кайтышына каршы акция өтүп жаткан эле.