Дайыр Исмадияров клип үчүн чачын тармалдатты

Ырчы Дайыр Исмадияров жаңы клибин элге тартуулоо алдында турат. Бул боюнча ал SUPERTV`га билдирди.

“Эсиңдеби” аталышындагы чыгармага клип тартып жаткам. Тартуу иштери кечээ бүттү. Анда куруучунун образын аткарам. Тартуу иштери суукка карабай 13 кабаттуу имаратта, сыртта болду. Клип үчүн чачымды тармалдатып көрдүм. Бирок химия жолу менен эмес, бир күндүк кылып эле тармалдаттык. Ал эми калганы сыр болуп турсун, буюрса бир аптадан соң күбө болосуздар”, — дейт ал.