«Даңазалуу доор» тасмасы аркылуу таанымал актриса Мерьем Узерли кыздуу болду

«Даңазалуу доор» тасмасы аркылуу белгилүү болгон түркиялык актриса Мерьем Узерли экинчи ирет эне болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Маалым болгондой, актриса кечээ, 8-январда кыздуу болгон. Ымырыкайга Лили деген ат коюлган.

Белгилей кетсек, бул актрисанын экинчи кызы. Улуу кызы Лара 6 жашта.