Димаш Кудайберген Жо Байдендин инаугурациясына арналган жумалыкка катышат

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясына арналган жумалыкка катышат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Sister Cities International» эл аралык уюму тарабынан өткөрүлөт. Пандемияга байланыштуу салтанаттуу жумалык онлайн форматта өтөт.