Динара Акулова: “Маликанын туулган күнүндө Түркияга белек жибердик”

SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова болду. Ал түз эфир учурунда алып баруучу тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып, кызы Малика-Динанын туулган күнүнө токтолду.

“20-декабрда Маликанын туулган күнү болду. Ал Түркияда болгондуктан,  кантип куттуктасам, эмне белек берсем деп ойлондум. Анан ошол жактагы курбусу менен байланышып, жеткирип берүү кызматы менен торт, гүл тартуу кылдык. Тортко да, гүлгө да “апаңдан” деп жаздырып койгонбуз. Малика үчүн күтүүсүз болуптур. Телефон чалып алып, абдан толкунданганын айтты” дейт ырчы.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.