Ильяз Абдыразаков: “Саясатка кызыкпайм, сунуш түшкөн партияга ырдадым”

SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы ырчы Ильяз Абдыразаков болду. Ал эфир учурунда алып баруучу берген суроолорго жооп берип жатып, буга чейинки шайлоонун үгүт иштеринде кайсы партия үчүн ырдаганы тууралуу айтып өттү.

“Өзүм саясатка кызыкпайм. Партиянын курамы же андагы адамдардын бирин да тааныбайм. Өткөн шайлоодо кайсы-бир партиянын (ред. “Биримдик” партиясы) гимни биздин студиядан жазылган. Көрсө алар көп студиялардан жаздырып, арасынан биз жазган аранжировканы жактырыптыр. Кийин аталган партиянын өкүлдөрү байланышка чыгып, “Көптүн ичинен сенин вариантың жакты. Эми аягына чейин өзүң бүтүрүп, ырдап бер” деген сунуш киргизишти. Макул болдум. Себеби, элибизде “чакырган жерден калба, чакырбаган жерге барба” деген сөз бар эмеспи” деди ырчы.

Маекти толугу менен көрүү үчүн шилтеме: