Ильяз Андаштан “Шерине”. Ырчынын бир жылдан бери даярдап жүргөн чыгармасы жарык көрөт

Ырчы Ильяз Андаштын “Шерине” деген чыгармасы жарык көрүү алдында турат. Ырчы менен байланышканыбызда, ал бул эмгектин үстүнөн иштеп жатканына бир жылга жакын убакыт болгонун айтат.

“Жыйынтыгы жакшы болсун деген максатта бул чыгарманын үстүнөн көп убакыт эмгек кылдык. Ырды клип менен кошо чыгаралы деп азырынча элге тартуулай элекпиз. Клип толугу менен тартылып бүттү. Буюрса бир жуманын ичинде даяр болот. Угармандарга жана көрүүчүлөргө жагат деп ишенем”, — деди ырчы.