Жаңы долбоор баштаган Курал Чокоев элдин талкуусунда. Долбоорго катышкандар эмне дейт?

Ырчы Курал Чокоев элдин талкуусуна калды. Тактап айтканда, ырчы жаңы долбоор баштап, аны жеке ютуб каналына жүктөгөн. Анда Курал Чокоев алып баруучу болуп, долбоорго келген коноктор менен ар кыл темада маек курушат. Арасында сөгүнгөн, цензурага туура келбеген да сөздөр бар.

Долбоорго Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев, ырчы Кайрат Кыргыз да конок катары чакырылган. Коомчулуктун түрдүү сын-пикирлеринен улам, Кайрат Примбердиев видео боюнча өз оюн айтты.

“Бул долбоор кандайдыр-бир мамлекеттик телеканалга же жалпыга маалымдоо каражаттарына эмес, Курал Чокоевдин миңден ашуун гана аудиториясы бар ютуб каналына чыкты. Толук иштелип чыга элек долбоор экен. Мен конок катары чакырылганда эмне болгон берүүгө бара жатканымды билгем, бирок мынчалык талкуу болот деп ойлогон эмесмин”, — дейт ал.

Ошондой эле, ырчы Кайрат Кыргыз берүүгө барганына өкүнүп калганын жана аталган долбоор ага жакпаганын айтат.

Ал эми Курал Чокоев өзү бул тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ырчы бир да жалпыга маалымдоо каражаттары жана теле-радиолордун берүүлөрүнө барбай турганын, мындан ары өзүнүн долбоорлору менен жеке каналын иштете турганын айткан эле.