“Жубайымды дубалга такап, сунуш киргизгем” дейт актёр Эржан Осмонов

“Жан шерик” долбоорунун кезектеги каарманы актёр Эржан Осмонов менен жубайы Махабат болду. Экөө тең чыгармачылык чөйрөдө жүргөн жубайлар сүйүү баяны тууралуу маек курду. Эржан Осмонов жубайы менен окуп жүргөн кезден тартып, тагыраагы 2007-жылдан бери тааныш экенин айтат.

“Окуп жүргөндө сезимимди билдире албай аябай кыйналдым. Канчалык даярдансам да айта албай келе берчүмүн. Бир күнү сабакта отурган жерден эле колунан сүйрөп, сыртка алып чыктым. Анан дубалга такап алып, “Мени менен сүйлөшөсүңбү?” деп кесе эле сурагам. Махабат эмне дээрин билбей, “бир күн убакыт бериңиз” деп жатпайбы. Бирок жарым күндөн кийин эле макулдугун берген” дейт актёр.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз: