Кайрат Примбердиев наамынан ажыратылбайт. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Нуржигит Кадырбековдун сунушунан баш тартты

Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия ырчы Кайрат Примбердиевди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратууну мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу аталган комиссия Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго кат жолдогон.

Катта кызматтык абалынан же кызматтык абалда берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасаса, оор же өзгөчө оор кылмыш кылса гана мамлекеттик наамдардан ажыратуу каралганы жазылат. Мындан улам Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратууга эч кандай негиз жок экени кошумчаланган.

Буга чейин ырчы Курал Чокоев жаңы долбоор баштап, аны жеке ютуб каналына жүктөгөн. Анда Курал Чокоев алып баруучу болуп, долбоорго келген коноктор менен ар кыл темада маек курушат. Арасында сөгүнгөн, цензурага туура келбеген да сөздөр бар. Долбоорго Кайрат Примбердиев конок катары чакырылган. Мындан улам Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эгер аталган ырчылар элден кечирим сурап, долбоорду жаппаса аларга карата чара көрүлө турганын айткан. Андан соң Курал Чокоевге берилген «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алып, ал эми Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу сунушун президенттик аппаратка жиберген.