Көпчүлүк сүйгөн «Боз салкын» тасмасынын уландысы тартылууда

Көпчүлүк сүйгөн «Боз салкын» тасмасынын уландысы тартылууда. Бул тууралуу кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров SUPER TV’га билдирди.

«Эки күн мурун «Ак салкын» деген фильмдин тартуу иштерин баштадык. Бул тасма «Боз салкын» фильминин экинчи бөлүгү эмес, бирок уландысы деп атап койсок. Тартуу иштери да «Боз салкын» тартылган айылда болуп жатат. Бирок башкы каармандар башка. Негизги ролду рэп аткаруучу Бегиш менен жаш ырчы Тамга аткарууда. Буюрса башталышы жеңил болду. Жыйынтыгы да жемиштүү болот деп ойлойм»,- дейт режиссёр.

Ошондой эле, бул тасманы тартууга көптөн бери батына албай жүргөнүн айтты.

«Боз салкындын» чыкканына 15 жыл болсо да, эл дагы деле унута элек. Буга чейин тасманын уландысын тартууга батына албай жүрдүм. Себеби «Боз салкындын» деңгээлине жетпей калабы деп чочулайт элем. Качан гана фильмдин ийгиликтүү болоруна көзүм жеткенде тартам дечүмүн. Ошол убакыт эми келди окшойт. «Ак салкындын» сценарийин окугандар жакшы баа берип жатышат», — деп кошумчалады Эрнест Абдыжапаров.

«Ак салкын» тасмасы 29-апрелде эл сынына коюлат.