Кош бойлуу экенин ачыктаган Гүлжайна Атаканова эс алууга убакыт бөлүүдө

Куудул Гүлжайна Атаканова эс алууда жүрөт. Жакында эле кош бойлуу экенин ачыктаган ал “эс алгым эле келип жатат” дейт. Азыркы убакта Ысык-Ата эс алуу жайында жүргөн ал мындан аркы сапары Ысык-Көлдү көздөй болорун айтат.

Айта кетсек, куудул аз күн мурун экинчи наристесин күтүп жатканын ачыктап, “Болушунча элден жашырып келдим. Курсак чоңойгон сайын жашырууга мүмкүн болбой калат экен” деген эле.

SUPER TV Гүлжайна айымдын сүйүнүчтүү кабары менен куттуктап, аман-эсен көз жарып алышына тилектеш.