Курал Чокоев төш белгисинен ажыратылды. Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу каралууда

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алуу үчүн буйрукка кол койду. Ал эми Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий сунуш жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрлик маалымат таратты.
«Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду. Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий жөнөтүлдү. Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды», — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин ырчы Курал Чокоев элдин талкуусуна калды. Тактап айтканда, ырчы жаңы долбоор баштап, аны жеке ютуб каналына жүктөгөн. Анда Курал Чокоев алып баруучу болуп, долбоорго келген коноктор менен ар кыл темада маек курушат. Арасында сөгүнгөн, цензурага туура келбеген да сөздөр бар. Долбоорго Кайрат Примбердиев, ырчы Кайрат Кыргыз да конок катары чакырылган.
Мындан улам Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эгер аталган ырчылар элден кечирим сурап, долбоорду жаппаса аларга карата чара көрүлө турганын айткан. Министрдин бул пикири коомчулук арасында талкууга алынып, интернет колдонуучулар эки жаатка бөлүнүп, сындашууда.