SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев болду. Ал эфир учурунда алып баруучу берген суроолорго жооп берип жатып, жубайы тууралуу айтып өттү.
“Турмушубузда өйдө-ылдыйлар болду. Биз адаштык, жаңылдык, кайра түзөлдүк. Тагыраагы адам өзүн таба электе ушундай болот экен. Нике кайып да, кайра келип эле башыбыз бирикти”, — деди ал.
Ошондой эле, жубайы да чыгармачыл инсан экенин кошумчалап өттү.
“Ар бирибиздин чыгармачылыгыбызды көзөмөлдөп турган адам – жубайым. Ал деле ырдайт, бирок керектүү гана жерде. Азыр ал сабак берет”, — дейт ал.