Курмангазы Азыкбаев: «Нике кайып экен. Жубайым экөөбүз адаштык, кайра түздөлдүк»

SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев болду. Ал эфир учурунда алып баруучу берген суроолорго жооп берип жатып, жубайы тууралуу айтып өттү.

“Турмушубузда өйдө-ылдыйлар болду. Биз адаштык, жаңылдык, кайра түзөлдүк. Тагыраагы адам өзүн таба электе ушундай болот экен.  Нике кайып да, кайра келип эле башыбыз бирикти”, — деди ал.

Ошондой эле, жубайы да чыгармачыл инсан экенин кошумчалап өттү.

“Ар бирибиздин чыгармачылыгыбызды көзөмөлдөп турган адам – жубайым. Ал деле ырдайт, бирок керектүү гана жерде. Азыр ал  сабак берет”, — дейт ал.