Куудулдардын талкуу жараткан сатирасы. “Концертти коюуга тыюу салынды” дейт Рахман Разыков

Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарын Молдобаев биргеликте койгон “Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан” деген аталыштагы концертти коюуга тыюу салынды. Бул тууралуу SUPER TV`га Рахман Разыков билдирди.

“УКМК кызматкерлери концертти көрбөй эле, интернетке тараган чындыкка дал келбеген маалыматтарга ишенип алышыптыр. Оштон суракка чакырышты, бардым. “Үгүт учурунда мындай концерттерди коюу мыйзамга туура келбейт, сатираны аткарбай эле коюңуздар” деди эле, макул болдум. Ал концертти 1-5-январь аралыгында Ошто койгонбуз. Бүгүн Жалал-Абадга коймокпуз. Бирок “коронавируска байланыштуу эл топтолсо болбойт” деген шылтоо менен концерт коюуга тыюу салышты. Бардык коомдук жайлар иштеп жатат, бир гана театрга эл келсе болбойт экен. Билеттердин баары сатылып кетти эле, эми кайра кайтарып беребиз. Мындан башка аймактарга да “Үч пахан” деген концерт келсе, коюуга уруксат бербегиле деген кат келиптир”, — деди ал.

Ошондой эле учурдагы бийликке нааразычылыгын билдирди.

“УКМК коррупция менен күрөшпөй, куудулдар менен күрөшүп жатат. Биз Атамбаев, Жээнбековдун убагында да “120 кой”, “Чык эшикке” жана башка сатираларды койгондо да мынчалык кысым болгон эмес. Азыркы бийлик бийликке толук келбей жатып кысым көрсөтүп жатканы жакшы иш эмес”, — деди ал.