Кыргыз-өзбек куудулдары футбол талаасында күч сынашат

29-май күнү Ош шаарында Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда өзбек-кыргыз элинин достугун даңазалаган шоу-концерт менен коштолгон футболдук мелдеш өтмөкчү. Бул тууралуу уюштуруучу, куудул Борончу Кудайбергенов СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Мындан 20 жыл мурун өзбек-кыргыз куудулдары футболдук турнир өткөргөн болчубуз. Анда Рахман аке (Рахман Разыков) бар эле, өзбектердин Хожибай Тожибаев, Обид Асомов тирүү болчу. Ошол нерсени кайра уланталы, «катташпаса тууган кас болот» дешет, өзбек, казак туугандар менен ынтымагыбыз бекем болсун деген тилек менен кайра баштап жатабыз. Өзбектерден Мирзо Холмедов, Волижон Шамшиев, Болтавой Тошматов, Аваз Охун, Зокир Очилдиев, Уткир Мухамедхожаев баш болгон 15 куудул келет. Биздин «Мыскыл жана тамаша» командасында Абды Кадырматов, Жамбыл Камчиев, Кубик Калыков, Кубан Алимов, Жакут Сыдыков, Болсунбек Стакеев, Канат Шанаев, Азимхан Рахатов, Жеңиш Айтиев жана башкалар бар. Футболдук таймаш шоу-программа менен коштолуп, кызыктарга бай болот», — дейт алып баруучулук милдетти алган куудул.

Борончу Кудайбергенов бул оюндан кийин казак куудулдар менен да таймаш өтөрүн кошумчалады.