Кырсыкка кабылган Анжелика кыздарынын абалы тууралуу үн катты

Кыздары менен кырсыкка кабылган ырчы Анжелика окуя боюнча жана кыздарынын абалы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Үч кызым үч башка ооруканада. Түптүн ооруканасынан Айлиндин бутун рентгенге тартып, чыгарып беришти. Жаздыкты катуу кучактап ыйлаганымдан, эч жеримдин ооруганын сезбей калдым. Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишенгим келбеди. Азыр шок абалдан чыга албай турам. Дуба кылыңыздар”, — деп жазган ал.

Ошондой эле, улуу кызы Айыма менен ортончу кызы Элиманын абалы тууралуу да жазган.

“Айымамдын колу, буту, бели сыздатып жатат. Элимамды биринчи көргөндө жүрөгүм түшкөн. Бир бети көк ала, башы шишиген. Белим чачырап жатса дагы кыйкыра албадым. Кыздарымды коркутуп алам деп корктум. Аябай чыдамкай кыздарым өсүп келе жатыптыр. Алар менен видео аркылуу сүйлөшүүгө кичине убакыт берип жатышат. Бул күндөр тезирээк өтүп кетсе экен”, — деп жазган ырчы.

Айта кетсек, ырчы кыздары менен 23-январда Балыкчы-Ананьево жолунда жол кырсыгына кабылган. Анда Анжеликанын омурткасы жабыркап, ал эми кичүү кызы жамбашынан травма алган. Аларга Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалган.